Марал Радиосу

Жээнбеков Азербайжан президенти Илхам Алиевдин кызын мактады

14-октябрда Бакуда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен өткөн жолугушууда Жээнбеков кесиптешинин кызынын талантын белгилеп өттү.

Жээнбеков айткандай, Алиевдин кызы Лейла Илхамовна Кыргызстанда болуп, эл ичинде жакшы таасир калтырып кеткен.

«Ал олимпиадалык комитеттин форумуна катышты. Мага Ысык-Көл тууралуу ырлары топтолгон поэтикалык жыйнагын белек кылды. Ал — аябай таланттуу кыз. Ден соолугу чың болсун», — деди өлкө башчысы Жээнбеков.