Марал Радиосу

Курсан Асанов 23-декабрга чейин үй камагында болот

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова “Маралга” тастыктады.

Анын айтымында, чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды, тергөө жүрүп жатат.

Курсан Асанов 28-августта Биринчи май райондук соту тарабынан 13-октябрга чейин үй камагына алынган. Ал 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган.

Буга 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Асанов “милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти” деген жүйө себеп болгон.