Марал Радиосу

«Ушундай саясат жүрсө, президенттин ишинде бир топ жыйынтык болот»

Ушундай саясат жүрсө, президент Сооронбай Жээнбековдун ишинде бир топ жыйынтык болот. Анткени, өлкө башчы таза экенин көрсөтүүдө. Мындай пикирин Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков таза болбогондо «Апрель» телеканалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болуп, таап көрсөтүп коймок.

Акматалиев өлкөнүн экономикалык абалы бийликке оппозиция экенин белгиледи.

«Экономикада жылыштар бар. Тышкы мамилелер жөнгө салынды, бул жагынан көйгөй жок. Ал эми ички саясатта кемчиликтер бар. Негизги оппозиция — ушулар. Бийлик оппоненти жок болбойт. Коррупцияга каршы күрөш болуп жаткандыктан кызматкерлер коркуп калышты. Бирок ал орто звеного түшпөй жатат. Кээде эл коррупцияны колдоого даяр. Аң-сезимдеги коррупция оңой менен кетпейт. Бирок ага каршы күрөшүүгө багыт алдык», — дейт Акматалиев.