Марал Радиосу

Садык Шер-Нияз негиздеген кинофестивалда Хюррем султан калыс болот

«Даңазалуу доор» сериалында Хюрремдин ролун аткарган түркиялык актриса Мерьем Узерли 6-14-ноябрда Американын Калифорния штатында өтүүчү Эл аралык Азия кинофестивалында калыс болот.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, калыстардын курамында Мерьем Узерли (Германия / Түркия), Гука Омарова (Казакстан), Киу Чинь, Сара Финн, Жереми Каган, Тин Тин Сюй, Ирис Ямашита бар.

Ал эми жеңүүчүлөр төмөнкү категориялар боюнча аныкталат:

Эл аралык Азия кинофестивалы Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан Азия менен голливуд киноиндустриясынын ортосундагы байланышты бекемдөө максатында негизделген.

Фестивалга 50 өлкөдөн: Түркиядан Япония,Орусия, Индия жана Жакынкы Чыгышта тартылган тасмалар катышат. Ошондой эле, иш-чарага катышкан бардык тасмалар Кинематография академиясынын мүчөлөрүнө жана Hollywood ассоциациясынын чет элдик басылмаларына жана башка кино индустриясынын белгилүүлөрүнө танытууга мүмүнчүлүк болот.