Марал Радиосу

П. Шубин мектебинин окуучусу Азербайжанда өткөн балдар сынагынан III орунду алды

Бишкек шаарындагы П. Шубин атындагы Балдар музыкалык мектебинин 4-классынын окуучусу Эсен Жыргалбеков Азербайжанда өткөн «Мугам» XI эл аралык вокалдык сынагында III орун алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган сынакта Эсен Жыргалбеков Токтогул Сатылгановдун сөзүнө жазылган Бектемир Эгинчиевдин «Алымкан» ырын аткарган.

Сынакты Азербайжандын Билим берүү министрлиги, Маданият жана туризм министрлиги, Композиторлор союзу, Улуттук консерваториясы тарабынан уюштурулган. Кароо-сынакка 15 өлкөдөн өспүрүмдөр келген.