Марал Радиосу

Калифорнияда аң териден жасалган кийимдерге тыюу салынды

АКШнын Калифорния штатында табигый аң терилерден (мех) жасалган буюм-тайым, кийим-кечекти сатууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Ага Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом кол койду.

Бул мыйзам штат ичинде тери өндүрүмүн өндүрүүгө, сатууга, белекке берүүгө жана алмаштырууга тыюу салат. Тыюу салуулардын ичинде сырт кийим, бут кийим, сумка, баш кийим жана браслет, ачкычка ылайыкташкан кооздуктар бар. Мыйзам 2023-жылы күчүнө кирет.

Губернатор жапайы жаныбарларды цирк көргөзмөлөрүнө да колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алды. Ошондой эле Гэвин Ньюсом Түндүк Америка сүлөөсүндөрүнө аңчылык кылууга тыюу салды.

Калифорния аң тери өндүрүмдөрүнө тыюу салган алгакы штат болду. Буга чейин мындай тыюуларды Лос-Анжелес жана Сан-Франциско шаарлары да киргизген болчу. Ал эми жапайы жаныбарлар менен цирк көргөзмөсүн уюштурууга Нью-Жерси жана Гаваи аймактарында тыюу салынган.

Акыркы жылдарда көпчүлүк ири мода үйлөрү табигый аң терилеринен баш тартууда. Алардын арасында — «Armani», «Prada», «Calvin Klein», «Hugo Boss», «Ralph Lauren» жана «Gucci» бар.