Быйылкы жылдын 9 айында карыздарды тейлөө үчүн бюджеттен 18,9 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
2019-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 18,9 млрд сом жумшалган. Анын ичинде:
мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 10,6 млрд сом;
мамлекеттик ички карыз боюнча – 8,3 млрд сом;
Ал эми август айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 22,20 млн АКШ доллары сарпталган. Улуттук валюта менен алганда өлкөнүн мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 1 млрд 549,59 млн сом жумшалган. Анын ичинде:
мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 958,58 млн сом (же 13,73 млн АКШ доллары);
мамлекеттик ички карыз боюнча – 591,01 млн сом (же 8,47 млн АКШ доллары);