Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, эртең 14-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +0…+5, күндүз +11…+16
Нарын дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18
Бишкек шаарында эртең жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18ди түзөт.