Марал Радиосу

«Кыргызстан сулуусу — 2019» сынагында Нарындын сулуусу жеңүүчү аталды

Кечээ, 12-октябрда «Кыргызстан сулуусу -2019» сынагынын финалдык бөлүгү өттү. Анда Нарын облусунан келген 21 жаштагы Айжан Чаначева баш байге алып, таажы кийди.

«Кыргызстан сулуусу-2019» сынагынын финалына 17 кыз өткөн. Сынактын жеңүүчүсү алтын таажы, 100 миң сом акчалай байге менен бирге, ушул жылдын 14-декабрында Лондон шаарында өтө турган «Дүйнө сулуусу-2019» сынагына жолдомо менен сыйланды.

Айжан Чаначева — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин студенти. Төрт тилде эркин сүйлөйт. Атайын хореографиялык да билим алган. Каржы тармагы боюнча өткөн олимпиадада байгелүү орунга ээ болгон.