Юстиция министрлиги 2 жоопкерчилиги чектелген коомду онлайн режиминде каттоодон өткөрдү. Бул Өкмөттүн Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү боюнча аракетинин алкагында жүзөгө ашты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо, ишинин токтотулгандыгын каттоо» долбоорун ишке ашыруу 2 этапка бөлүнгөн.
1-этап. «Юридикалык жактарды онлайн каттоо».
2-этап. «Юридикалык жактарды, филиалдарды онлайн каттоо, кайра каттоо, ишинин токтотулгандыгын каттоо».
Юстиция министрлигинин сайтына юридикалык жактарды онлайн каттоо системасынын иштеши жана юридикалык жактарды каттоонун мөөнөтүнүн кыскарышы биринчи этапта күтүлүп жаткан жыйынтык болуп эсептелет.
Экинчи этапты ишке ашыруунун алкагында «Юридикалык жактарды, филиалдарды онлайн каттоо, кайра каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо системасын түзүү жана өнүктүрүү концепциясы» бекитилген жана электрондук форматта юридикалык жактарды, филиалдарды каттоонун укуктук негизи, кайра каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо каралган «Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Муну менен катар «Юридикалык жактардын, филиалдардын электрондук маалымат базасы» жана «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалымат базасы «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулду.