Марал Радиосу

Баткенде Куранды мыкты окуган, уккулуктуу азан чакырганга унаа белек берилет

Баткенде ыйык Куранды кырааты менен айтуу жана азан чакыруу боюнча жарыш өтөт. Жеңүүчүлөргө автоунаа жана Ажыга жолдомо берилет. Бул тууралуу Кыгызстан мусулмандар диний башкармалыгы — муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Сынак 18-19-октябрда Баткен шаарында өтөт. Ага Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары катышат. Катышуучулардын жаш курагы 30 жаштан ашпашы керек. Сынактын байгесине 2 жеңил унаа, Ажы сапарына 3 жолдомо, комьютер жана телефон коюлган.

10-октябрда Баткен облусу боюнча тандоо туру өтүп, үч жеңүүчү табылган. Алар эми түштүк аймак боюнча сынакка катышат.