Марал Радиосу

Өзбек паспорту менен чек арадан өткөнү жаткан жаран кармалды

Чек арачылар “Баймак – унаа жолу” чек ара-өткөрмө бекетинен өзбек паспорту менен Өзбекстанга өткөнү жаткан Кыргызстандын жаранын кармады. Бул тууралуу мекеменин коомчулук менен иштөө бөлүмү билдирди.

1985-жылы туулган С.Ф. аттуу кыргызстандык жаран чек арадан өтүп жатып, 33 жаштагы И.И. аттуу өзбекстандык жарандын чет өлкөлүк паспортун көрсөткөн. Чек арачылар документтин жасалма экенин аныкташкан. Анда штамптын күнү, чек арадан өткөн күндөр өзгөртүлгөнү байкалган.

Бул боюнча тийиштүү докмунеттер толтурулуп, кармалган жаран Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.