Марал Радиосу

Улуттук кураманын футболчулары Монголияга кетишти

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Улан-Батор шаарына учуп кетти. 15-октябрда Акшумкарлар 2022-дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунун алкагында Монголия курамасы менен кез келет. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы билдирди.

Улуттук курама 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Мьянма командасын 7:0 эсебинде уткан.

Үч турда эки беттеш өткөргөн улуттук курама азырынча үчүнчү сапта келатат. Монголия төртүнчүдө.

Эске сала кетсек, Кыргызстан курамасы бул этапта Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен “F” тайпада күч сынашууда.