Марал Радиосу

КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин кезектеги жыйыны 2020-жылы Ташкентте өтөт

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 2020-жылдын 16-октябрында Ташкентте өтөт. Мындай чечим бүгүн Ашхабадда өтүп жаткан кезектеги жыйында белгиленди.

Өзбекстан Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 2020-жылы төрагалык кылат. Ал эми 2020-жылы Беларусия менен Түркмөнстан теңтөрага болот.

Эске салсак, КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин бүгүнкү жыйынында шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШнын курамындагы мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланды.