Марал Радиосу

КМШ Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп кайрадан Сергей Лебедев дайындалды

Сергей Лебедев кайрадан 3 жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу Комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы болуп дайындалды.

Эске салсак, ушул жылдын 31-декабрында анын аталган кызматтагы мөөнөтү аяктамак.

Лебедевдин талапкерлигин Ашхабад шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путин көрсөттү.