Марал Радиосу

Элчи Анкарадагы кыргыздардын коопсуздугуна тынчсызданды

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкаранын губернатору Васип Шахин менен жолугушуу ѳткѳрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев губернатор Васип Шахинге Анкаранын борборунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы паркын ачуу жана элесине арналган эстелик тургузуу маселесин колдоп коюу ѳтүнүчүн билдирди.

Ошондой эле, Анкара шаарында эмгектенип жана жашап жаткан кыргыз жарандарынын коопсуздугун колго алып берүүнү ѳтүндү.

 

Exit mobile version