Марал Радиосу

Айдоочуга эскертүү! Боом капчыгайында таш кулатылат

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Боом капчыгайында жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Темир жолу мамлекеттик ишканасынан билдирди.

14-октябрдан тартып, 18-октябрга чейин унаа жолдун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул поезд жана унаа каттамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында болот. Мындан улам Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин жолу маал-маалы менен жабылып турат. Жолдо 30-40 автомашина чогулуп калса, кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

«Кыргыз Темир жолу» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алууну суранат.