Марал Радиосу

«BIF»: 7 бизнес-долбоор тааныштырылды

Бишкекте өтүп жаткан «BIF» бизнес-форумунда 7 дубандан тандалып алынган айыл чарба, тамак-аш, билим берүү, жеңил өнөр жай тармагындагы 7 долбоор тааныштырылды.

Маселен, жеке ишкер Бурулуш Жаманбаева жүндү кайра ишетүүнүн келечеги жана пайдалары тууралуу маалымат берди. Башка ишкерлер да ушул сыяктуу багытта өздөрүнүн долбоорлору боюнча баяндама жасашты. 

Мындан тышкары, эң мыкты делген 39 долбоор форум үчүн даярдалган атайын каталогго киргизилди.