Марал Радиосу

Муканбетов: Өкмөт да инвестициялык климатты жакшыртып жатат

«Bishkek Investment Forum» (BIF) — бизнес менен ишкерлердин ортосундагы көпүрө болууда. Мындай пикирин Экономика министри Санжар Муканбетов Бизнес инвестициялык форумунда билдирди.

JIA Бизнес ассоциациясы уюштурган кезектеги форум жаңы инвестициялардын, жаңы ойлордун, технологиялардын кошулган жери экендигин белгиледи.

«Дүйнөлүк банктын көрсөткүчүнө ылайык, Бизнес жасоо боюнча биз 20 реформатор өлкөнүн катарына кирдик. Анын ичинде 3 критерийдин өзгөртүүсү боюнча каралды. 

  • Электр тармактарынын туташуусу;
  • Салык системасын жөнөкөйлөштүрүү;
  • Кредиттерди берүү;

25-октябрда дагы канчанчы орун алганыбыз так белгилүү болот. Дүйнөлүк атааандаштыкка шайкеш келүү үчүн креативдүүлүк жана технология жаатындагы өзгөрүүлөр маанилүү болуп саналат», — деди министр.

Ошондой эле, өкмөт тарабынан да өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга, бизнеске шарт түзүп, ишкерлерди колдоого багытталган атайын программалар кабыл алынганын кошумчалады.

Бүгүн «Bishkek Investment Forum» (BIF) — жолугушуу өтүүдө. Бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.

Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан, Чехиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышууда.

Exit mobile version