Марал Радиосу

Темур Рахимов: Борбор Азиядан сунуштар долбоор эмес, идея катары келет

Борбор Азиядан сунуштар көбүнчө долбоор катары эмес, идея катары келет. Бул тууралуу «R&R Group» холдингинин негиздөөчүсү Темур Рахимов Бишкекте өтүп жаткан «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтымында, идеялар нөлгө бааланат. Анализдеп, изилдөө керек. Башкача айтканда, идеялар документке айлануусу кажет.

«Бардык бизнес ийгиликтүү бүтпөйт. Бизнеске салган инвестицияңыз 1 жарым жыл ичинде жыйынтыгын бербесе, анда ал ишкердик эмес», — дейт Рахимов.

Белгилей кетсек, учурда «Bishkek Investment Forum» (BIF) — жолугушуу өтүүдө. Бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.

Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан жана Чехиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышууда.