Марал Радиосу

Темур Рахимов: Ишкерлерибиз Борбор Азияга багыт алышы зарыл

Кыргызстандык ишкерлер долбоорлорун жүзөгө ашырууда Борбор Азияга багыт алуусу зарыл. Мындай пикирди «R&R Group» холдингинин негиздөөчүсү Темур Рахимов Бишкек инвестициялык форумунда билдирди.

Анын айтымында, коңшу Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн калкы көп. Ошондуктан, бул — ишкердикти жайылтууга дагы бир мүмкүнчүлүк.

«Маданияттарыбыздын окшоштугун, географиялык жакындыгыбызды эске алып, дагы да терең аймактык кызматташууну тездетишибиз керек«, — дейт Рахимов.