Марал Радиосу

Бишкекте «EXPO International Trade and Franchise» иш-чарасы өтүп жатат

Ушу тапта Бишкектеги «Дасмия» этнокомплексинде «EXPO International Trade and Franchise» иш-чарасы өтүп жатат. Ишкерликке байланышкан мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө. Көргөзмөнү JIA бизнес ассоциациясы АКШнын Кыргызстандагы элчилиги  менен биргеликте өткөрүүдө.

Бул франшизанын негизинде иштешүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн сооданын символу жана ачык аянтча катары эсептелген эл аралык көргөзмө болуп саналат. АКШнын, Европалык Биримдиктеги өлкөлөрдүн, Түштүк-Чыгыш Азиядагы жана Борбор Азиядагы бизнес өкүлдөрү чакырылган.