Марал Радиосу

Орто Азиядагы «бештиктин» ТИМ жетекчилери жолугушат

Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын Тышкы иштер министрлери 10-октябрда Ашхабадда жолугушат. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

«Орто Азиядагы «бештиктин» жана Орусиянын ТИМ жетекчилери жолугушат. Мындай формалдуу эмес сүйлөшүү пайдалуу болот деп эсептейбиз», — деди министр.

КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отуруму Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусия өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлери катышат.