Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы талашка түшкөн сүрөт боюнча үн катты

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 2331 | 1

Учурдагы Бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев, мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Евразия Экономикалык Комиссиясынын Бажы Кызматташтыгы боюнча министр Нурлан Акматов жана бир топ коштоочулар менен чогуу тоодогу эс алууда түшкөн сүрөт боюнча Бажы кызматы үн катты.

Маалыматка ылайык, сүрөт 2015-жылы Ош шаарынын четинде, бажы кызматынын бир кызматкеринин жеке иш-чарасында тартылган.


Райымбек Матраимов Бажынын лөктөрү менен түшкөн сүрөтү талкууда


Аталган мезгилде Райымбек Матраимов Ош бажы кызматынын башчысы болуп иштеп турган жана ошондой эле ал 1997 -жылдан 2017-жылга чейин бажы системасында ар түрдүү кызматтарды аркалап келген.

Мындан сырткары, сүрөттөгү Шарабидин Марифов 1995-жылдан 2017-жылга чейин бажы системасында ар түрдүү кызматтарды аркалап келген. 2017-жылы жол кырсыгынан каза болгон.


Канатбек Маматов: Матраимов да Кыргызстандын футболуна салым кошуп жатат


1 пикир

1 пикир

  1. Баариниса Абдижусуповна

    10.10.2019 22:15

    Малахов Малахов дейсинер.Исламбектин тагдырын ойлогон Адам барбы?Эмне болуп жатат,элчилик аралашып жатабы,маалымат бербейсинерби?Мекендешибиздин ахыбалын ойлобой Малаховдун кечирим сураганына курсансынарбы?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM