Марал Радиосу

Батирлеп жашаган памирлик үй-бүлөгө мигрант жигит үй белек кылды

Буга чейин социалдык тармактарда 14 кишиден турган памирлик үй-бүлө турак-жайы жок кыйналып жатканы айтылып, аларга үй берилсин деп өкмөткө кайрылуу жасалган. Аталган үй-бүлө бүгүн үйлүү болгонун Фейсбук колдонуучусу Илгиз Шаменов жазып чыкты.

Анын айтымында, памирлик кыргыздардын үй-бүлөсүнө Орусияда жашап, иштеген Кылыч атуу мигрант жигит демөөрчүлүк кылып, өзүнүн Кара-Балта тараптагы үйүн белекке берген. Үйдүн баасы 20 миң доллардын тегерегинде экени айтылат.