Салык кызматы сентябрь айында камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды 81 млн сомго ашыгы менен аткарды
Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында 2 млрд 741 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Белгиленген план 103%га аткарылды же 81 млн сомго ашыкча аткарылган. Бул 2018-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 286,1 млн сомго же 11,6% га көп.
Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча 7 млрд 687, 3 млн сом жыйналган, планды аткаруу 100,5% ды түзгөн же пландан 34,5 млн сомго көп камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.