Марал Радиосу

Путин өзүнүн маянасын көтөрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Анын ичинде президент менен премьер-министрдин маянасы да бар.

Жарлыкка ылайык, айлык 1-октябрдан баштап 4,3%га жогорулайт. Анын себебин 2018-жылдагы инфляция менен байланыштырган.

Акыркы ирет өлкө башчыларынын айлыгы 2018-жылдын 1-январында көтөрүлгөн.