Марал Радиосу

Дзюдо: Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Азия Кубогунда биринчиге чыкты

Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия Кубогу мелдешинде командалык эсепте биринчи орунду алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Азия Кубогунун кезектеги этабы 5-6-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон Ата шаарында өттү. Ага 8 өлкөнүн дзюдо балбандары катышып күч сынашты. 13 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандын өспүрүмдөрү 5 алтын, 5 күмүш жана 7 коло байге, жалпы 17 медаль утушту. Казакстан 4 алтын, Тажикстан 2, ал эми Орусия менен Өзбектсандык спортчулар бирден алтын медаль алышты.