Марал Радиосу

Сулайманов: Азыр менеджерлердин заманы

Аткаруу бийлигине мамлекетик кызматта бир күн да иштебей келген деген — эски түшүнүк. Азыр мамлекеттик кызматчылардын эмес, менеджерлердин заманы. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлер ишти артка тарткан мезгилдер жок эмес. Өкмөт ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүп бере албай жатат.

Бюрократия, мыйзамдардын көптүгү ишкерлерге каршы иштеп, бизнес өнүкпөй калууда. Экспорт азайып, импорт өсүп, экономика абдан кооптуу абалда.