Марал Радиосу

ТИМ жетекчиси Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору менен жолугушту

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору, доктор Тедрос Гебрейесус менен бүгүн, 7-октябрда жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн саламаттык сактоо секторун реформалоо жана жакшыртуу менен байланышкан, ошондой эле уюм тарабынан аткарылып жаткан долбоордук ишмердүүлүк тууралуу талкуулашты.

ТИМ жетекчиси ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу жолу аркылуу ВИЧ/СПИД, кургак учук, жугуштуу эмес оорулар, анын ичинде жүрөк-кан тамыр, өпкө оорулары менен күрөшүү, өлкөдөгү алгачкы медико-санитардык жардамды бекемдөө жана өнүктүрүү сыяктуу саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүдө Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму тарабынан Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнүн уланышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Кыргызстандын саламаттыкты сактоо жаатындагы өткөрүлүп жаткан реформалардагы аракетти колдоо менен, тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун түзүлгөн деңгээлин оң баалап, кызматташууну улантууга даяр экендигин тастыктады.

Exit mobile version