Биз менен байланышыңыз

«Зеленский президенттиктен баш тартып, шоу чөйрөсүнө кайтат»

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 608 | 1

Украина президенти Владимир Зеленский 5 жылдан кийин саясаттан кетип, мурдагы «Квартал-95» юмордук студиясына кайтышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин мурунку кесиптеши, актриса Елена Кравецке шилтеме жасап, «Москва комсомолдору» басылмасы жазды.

Актрисанын айтымында, жакында эле Зеленский менен баарлашкан. Анда украин лидери 5 жылдан соң шоуго кайтуу ниетин билдирген.

«Светтик жашоо» программасында маектешип жатып, Кравец: «Чын элеби?» — деп сураган. А Зеленский: «Ооба» деген жообун узаткан. Ошентип, ал экинчи мөөнөткө ат салышпай турганын тастыктаган. Актриса ошондой эле Зеленский өзү жана жубайы тууралуу «Квартал» студиясынын даярдаган сценарийин окууга убакыт табарын белгилеген.

1 пикир

1 пикир

  1. Тайир Аширбай,

    09.10.2019 09:02

    »
    Марал» радиосунун кабарларын уюлдук телефондон биринчи жолу окуп жатам.
    Абдан сапаттуу, сабаттуу жана бийик маданияттуу экен. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалаймын.
    Терең урматтоо менен,
    Тайир
    Аширбай

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM