Марал Радиосу

«Зеленский президенттиктен баш тартып, шоу чөйрөсүнө кайтат»

Украина президенти Владимир Зеленский 5 жылдан кийин саясаттан кетип, мурдагы «Квартал-95» юмордук студиясына кайтышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин мурунку кесиптеши, актриса Елена Кравецке шилтеме жасап, «Москва комсомолдору» басылмасы жазды.

Актрисанын айтымында, жакында эле Зеленский менен баарлашкан. Анда украин лидери 5 жылдан соң шоуго кайтуу ниетин билдирген.

«Светтик жашоо» программасында маектешип жатып, Кравец: «Чын элеби?» — деп сураган. А Зеленский: «Ооба» деген жообун узаткан. Ошентип, ал экинчи мөөнөткө ат салышпай турганын тастыктаган. Актриса ошондой эле Зеленский өзү жана жубайы тууралуу «Квартал» студиясынын даярдаган сценарийин окууга убакыт табарын белгилеген.