Марал Радиосу

Алимбеков: «Centerra Gold Inc.» менен мунасага келбесек, абал оор болмок

Өкмөт «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен мунасага келбесе, абал оор болмок. Анткени, инвестициялык климат бузулуп, сот иштери улана бермек. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынын директору Алмаз Алимбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, келишим күчүнө киргенден тарта Кыргызстандын компаниядагы акциялары өсүп баштады.

«Алсак, дүйнөлүк биржада Кыргызстандын акцияларынын баасы 114 млн доллар болду. 2018-жылдын аягында 300 млн доллар болсо, учурда 714 млн доллар. Бул баа 1 млрд долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Негизгиси, мамлекет каражаттарды натыйжалуу пайдаланышы керек» , — дейт Алимбеков.

Ал кошумчалагандай, учурда «Кумтөрдө» 3,5 миң жумушчу иштейт. Айлык акы фонду жылына 80 млн долларды түзөт. Фонддон сырткары социалдык төлөм катары жыл сайын 2,5 млн доллар берилип турат.

Эске салсак, августтун соңунда өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы стратегиялык макулдашуу дагы 150 млн долларга көбөйтүлгөн. Келишимдин негизинде Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлгөн.