Марал Радиосу

Кыргызбаев: Кен байлыктардын баарына лицензия берилип калган

Мамлекеттин деңгээлинде жалпысынан 2 жарым миң лицензия берилген. Бул өлкөдө жайгашкан кен байлыктардын баарына лицензия берилип калды дегенди билдирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Геологдор жана тоо кенчилер ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Кыргызбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Кумтөрдөн» жылына 12 млн. доллар алабыз. Өкмөт, директорлор кеңешинин мүчөлөрү акциялардын эсебинде чогулуп жаткан каражаттарды пайдалуунун механизмин иштеп чыгышы керек», — дейт Кыргызбаев.

Ал мындан сырткары өкмөт да, президент Сооронбай Жээнбеков да берилген лицензияларды ревизия кылуу керектигин белгилегенин эске салды.