Марал Радиосу

Ош шаарында «Жаш мугалим-2020» кароо-сынагы башталды

Ош шаарында жаш, мыкты мугалимдерди аныктаган кезектеги «Жаш мугалим-2020» кароо-сынагы башталды.

Катышууну каалаган жаш мугалимдердин документтери 22-октябрга чейин кабыл алынат.

Уюштуруучулар маалымдагандай, кароо-сынактын катышуучуларына 2020-жылдын 20-майына чейин байкоо жүргүзүлөт. Бул мезгил аралыгында сынакка катышкан мугалимдин ишмердүүлүгү бааланып, комиссиясын жыйынтыгы чыгарылат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, акчалай сыйлыктар каралган.

Сынак Жогорку Кеңештин депутат Абдувахап Нурбаевдин демилгеси менен уюштурулуп, жаш мугалимдерди колдоо, педагогикалык кесипке кызыктыруу жана мугалимдик чеберчилигин арттыруу максатын көздөйт.