Марал Радиосу

Белгилүү балет бийчиси Арстанбек Ирсалиев көз жумду

Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл аралык сыйлыктардын лауреаты Арстанбек Ирсалиев көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда  Опера жана балет театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арстанбек Ирсалиев 5-октябрда көз жумган.

Ал 1950-жылы 25-февралда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Ленинграддагы балет мектебин аяктап, өмүр бою Кыргыз опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Ал 17 жашында режиссер Болот Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасына тартылган.

1969-жылы Бүткүл союздук конкурста «Рикша» балет бийлерин сынагын утуп алган. Ошол эле жылы ал Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы бийчиси болгон.

Арстанбек Ирсалиев бийдеги карьерасы аяктагандан кийин, Бишкек балет мектебинде мугалимдик кесибин баштады. Кыргыз балеттинин негизин түптөөдө анын маанилүү ролу бар.

Олуттуу ооруга чалдыкканына байланыштуу өз мекенин таштап Америкага кетүүгө аргасыз болгон.