Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачуу демилгелерин колдойбуз

Кыска кабар | 6 Окт 2019 | 516 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумуш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы «Кант-ТШП» компаниясынын шифер чыгаруучу заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

2020-жылдын биринчи кварталында ишке кире турган долбоордун сметалык баасы – 255 млн сом.

Компаниянын башкы директору Санжар Капаров билдиргендей, жергиликтүү сырье колдонула турган ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 3,7 млн шиферди түзөт. Мында 120 жумуш орду түзүлмөкчү.

«Аймактарды өнүктүрүү үчүн инвестициялык жана инфратүзүмдүк бизнес-долбоорлорду колдоого 2 млрд сом бөлүнүп, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлдү. Биз жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачуу демилгелерин колдойбуз. Бул жаңы иш орундарын түзүп, жергиликтүү коомду, жалпы аймакты өнүктүрөт»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жергиликтүү бийлик органдарына ишканаларды колдоо жана аларга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM