Марал Радиосу

Түркия: Кара нөшөр Стамбул шаарын кыйроого учуратты [сүрөт]

Түнү менен тынбай жааган кара нөшөр Түркиянын Мармара облусун жана облустун борбору Стамбул шаарын кыйроого учуратты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Алынган маалыматка ылайык, бороон-чапкын коштогон кара нөшөр Стамбул шаарынын Малтепе районундагы алты кабат үйдүн чатырын учуруп, ал 5 автоунааны басып калган. Бороондон кыйрап жолду бөгөп калган бак-дарактын жана тынымсыз жааган нөшөрдүн кесепетинен унаа каттамы үзгүлтүккө учураган.

Стамбул Метеорология кызматы нөшөр бүгүн кечинде да жаашы мүмкүн экенин эскерткен.