Марал Радиосу

Кыргыз спортчусу БАЭде өткөн мелдеште күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Атабек Абдимиталипов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн джиу-джитсу боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу спортчу «Маралга» билдирди.

Кыргызстандык спортчу 77 килограмга чейинки салмак категориясында күрөшкөн. Абдимиталипов 3 беттешин мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга жолдомо алган.  Финалда Орусиялык спортчуга утулуп күмүш медаль алды.