Биз менен байланышыңыз

БАЭ Пакистанда 5 млрд долларга завод курат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Окт 2019 | 651 | 0

Бириккен Араб Эмираттары Пакистанда 5 млрд долларга мунайзатын кайра иштетүүчү завод курууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу Эмираттын Исламабаддагы элчиси Хамад Убайд Ибрахим Салим аз-Заъбий «Arab News» басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, завод Бириккен Араб Эмираттарынын Пакистандын мунай тармагына кошкон эң ири салымы болот. Ишкана Хуб шаарында «Mubadala Petroleum» ишканасы тарабынан Пакистан-Араб биргелешкен ишканасы жана Автралиянын «OMV» компаниясы менен өнөктөштүк негизде курулат.

Завод күнүнө 250-300 миң баррель нефтини кайра иштетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM