Марал Радиосу

Стамбулга бет алган учак Львовго жетпей кулап, 5 адам каза болду

Украинанын «Львов» аэропортуна жакын жерде 4-октябрда «Ан-12» учагы кырсыкка учурап, беш адам каза болду. Маалыматка ылайык, бортто жалпы 8 адам болгон.

Жүк ташуучу учак Испаниядан Стамбулга жол тартып, орто жолдо Украинанын Львов аэропортунан май куймак. Тилекке каршы, белгиленген жерге жетпей көктөн кулаган.

Учакта 10 тонна жүк болгон, бирок эмне жүк экени айтыла элек.

Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул окуя боюнча Украина полициясы «аба каттамындагы коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Күнөөлүүлөр 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.