Connect with us

«Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясынан сүрөт баян

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 682 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясына катышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнү санариптештирүү процессин тездетүүнүн өзгөчө маанисин белгилеп, жарандардын жашоосуна байланышкан негизги көйгөйлөрдү жана аны чечүүнүн жолдорун атады.

Өлкөнү санариптештирүү анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу багыты экенин эске салды.

Конференциянын иши үч күнгө улантылат — эки күн Бишкекте жана бир күн Нарын облусунда.

Конференцияга чет элдик IT-компанияларынын, ишкер жана илимий чөйрөнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Пленардык жыйындарда жана талкууларда Борбордук Азиядагы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө даярдыктардын ыкмалары, технологиялар чөйрөсүндөгү глобалдык тенденциялар жана башка темалар талкууланат.

 

Copyright © 2017 Maral FM