Марал Радиосу

«Курултай институту мамлекеттик макамдагы бийлик органы болушу зарыл»

Жогорку Кеңештин депутаттары партиялык тизме менен шайлангандыктан, Кыргызстанда өкүлчүлүктүү бийлик жок. Мындан улам Курултай институту сөзсүз түрдө болушу керек. Бул тууралуу коомдук ишмер Бөкөнбай Абдрасулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик бийлик органдары, коомдук органдар курултайдын чечимдерин аткарууга милдеттүү. Мындан улам Курултай институту мамлекеттик макамдагы бийлик органы болушу зарыл. Анткени, ал — парламентиризмдин туу чокусу.

«Учурда кабыл алынып жаткан мыйзам боюнча курултай коомдук орган болот. Мындай кадам элдин өкүлчүлүктүү бийлигинин маселесин чечпейт. Бирок эл менен бийликтин ортосунда көпүрө сыяктуу болот», — дейт Абдрасулов.