Марал Радиосу

Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча жаңы аба каттам ачылат

«Манас» эл аралык аэропорту ушул жылдын 25-октябрында Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттам ачууну пландоодо. Авиакаттамдарды «Jazeera Airways» авиакомпаниясы аткарат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Компаниянын учактары жумасына 2 жолу – шейшемби жана жекшемби күндөрү каттап турат.