Марал Радиосу

1997-жылдан кийин төрөлгөн өспүрүмдөр эмнеден жапа чегүүдө?

«Z» муундун өкүлдөрү ачуулуу (нерви жука), психологиялык жактан алсыз келип, ар кандай сыноолорго туруштук бере албай, жапа чегүүдө. Көпчүлүк жаштарды экзамендерде жакшы натыйжага жетпей калуу — ичкиликке берилүү же кокустан бойго бүтүүдөн да көбүрөөк түйшүккө салат.

«Бүгүнкү жаштар «Z» муунуна таандык», — деп окмуштуулар айтып келишет. «Z» мууну деген аталышты демографтар 1997-жылдан кийин төрөлгөн адамдарга карата колдонот.

Изилдөөчүлөр 1980-1990-жылдардын башында төрөлгөн, өздөрүнөн мурунку муунга салыштырмалуу билимдүү, бирок кедей адамдардын (булар «Y» мууну деген аталышка ээ) кулк-мүнөзүн жана тажрыйбасын үйрөнүүгө көп убакыт жана энергия коротушту. Бирок алар дүйнөнү социалдык тармак жана смартфонсуз элестете албаган бул муун жөнүндө өтө аз маалымат чогултушту. Америкада бул муундун өкүлдөрү калктын чейрек бөлүгүн түзөт.

Ал эми «Z» мууну жөнүндөгү акыркы изилдөөлөрдүн көпчүлүк бөлүгү бүгүнкү жаштардын көңүл ачууга азыраак берилген, кулк-мүнөзү жакшыраак, ошол эле учурда, жалгыздыкты көбүрөөк жакшы көрөрүн тастыктайт. 2018-жылдын соңку бөлүктөрүндө «Pew» изилдөө борбору америкалык 13-17 жаш арасындагы 920 баладан теңтуштары арасында болуп жаткан көйгөйлөр боюнча сурамжылаган. Анын жыйынтыгына таянсак, аларды спирттик ичимдиктерге берилүү же кокустан бойго бүтүү сыяктуу көйгөйлөрдөн көрө, психологиялык туруктуулук көбүрөөк түйшүккө салат экен. 70 % катышуучулар өздөрүн жана курбуларын эң көп кыйнаган маселе катары тынчтыктын жоктугун жана психологиялык алсыздыкты белгилешкен. Окумуштуулар жакыр үй-бүлөнүн балдары менен оокаттуу үй-бүлөдө өскөн балдардын кулк-мүнөзүн иликтеп көрүшкөн. Натыйжада, психологиялык көйгөй эки тарапка тең бирдей таасир этерин аныкташкан.

Окумуштуулар жаштар арасында кызуу кандуулуктун жана психологиялык алсыздыктын мынчалык кенен жайылуусунун себеби катары үч факторду аташат. Алардын биринчиси, социалдык тармак. Тагыраагы, бала өзүн виртуалдык дүйнөдө досторунан ажырап калгандай же өздөрүн теңтуштары тарабынан кемсинтилип жаткандай сезиши мүмкүн. Респонденттердин жарымынан көбү экинчи маселе катары, зордуктоону (физикалык, псиохологиялык, моралдык) белгилешкен. Ал эми үчүнчү фактор академиялык көйгөйлөр болуусу ыктымал. «Z» муундун өкүлдөрү «Y» муунуна салыштырмалуу мактоону жакшы көрүшөт.

Жыйынтыктап айтсак, учурда адамдар санаачыл, ачуусу чукул, анан наалыма болуп баратат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо бирикмесинин эсептөөсүнө таянсак, психологиялык ооруларды дарылоо үчүн жыл сайын дүйнө экономикасынан 1 трлн доллар коротулууда.  Мындай дарылоого инвестиция ажыратуу аталган көйгөйдү жеңилдетүү жолдорунун бири катары эсептелип келет. «Өкмөттүн бул багытка жумшаган ар бир доллары 4 доллар болуп кайтышы мүмкүн», — дешет окумуштуулар.

Булак: The Economic

Которгон: Дайыр Максыт уулу

Exit mobile version