Марал Радиосу

Кыргызстан – Мьянма беттешине билеттер сатыкка чыкты

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кыргызстан – Мьянма беттешине билеттер сатыкка чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынан билдирди.

2022-жылдагы дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия кубогуна тандоо турунун алкагында 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын улуттук курамасы Мьянма курамасын кабыл алат.

Баасы стадиондогу секторго, орунга жараша 250 сомдон 500 сомго чейин бааланууда. Билеттер «Фрунзе» соода түйүндөрүндө сатылат.