Марал Радиосу

Ашууда калган турист аман-эсен куткарылды

Ашууда калган турист аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-октябрь күнү Словакиядан келген 29 жаштагы Марош Секельский аттуу турист Кочкор районундагы Калмак-Ашуу ашуу аркылуу Соң-Көл жайлоосуна баратып, мотоцикли күрткүгө батып калган. ӨКМдин №42 бөлүгүнүн куткаруучулары туристти унаасы менен кошо Кочкор айылына алып келишкен.