Марал Радиосу

Мукамбетов: Бардык пенсионердин пенсиясы көтөрүлдү

Бардык пенсионердин пенсиясы көтөрүлдү. Бул тууралуу Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Социалдык фонд тарабынан пенсиянын 3 түрүнө тең кайра эсептөө жүргүзүлдү. Алар: карыларга, майыптарга жана жетимдерге берилчү пенсиялар.

Пенсионердин күнүмдүк жашоосуна жетпеген пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө токтомдун Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан төлөнгөн жөлөк пулдарга тиешеси жок.

Белгилей кетсек, 30-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү күнүмдүк тириликке жетпеген пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» жана «2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» токтомдорго кол койгон.