Биз менен байланышыңыз

Ак-Сайдагы жолго Жеңиш Разаковдун атын коюу сунушталган

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 1862 | 1

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңеши Тажикстандын айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш — Ак-Сай – Рават жолуна Жеңиш Разаковдун ысымын ыйгарууну сунуштайт.

Жергиликтүү Кеңеш мындай чечимди Разаков Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп турган кезде, 2016-жылдын март айындагы сессиясында кабыл алган. Токтом Юстиция министрлигинин расмий сайтына да жайгаштырылган.

«Жусуп Абдрахманов чек ара боюнча 1924-жылы эле жазган»

Ал арада бул чечим айрым колдонуучулар тарабынан фейсбукка жарыяланып, ал жолго ысымын ыйгарууга Жеңиш Разаков канчалык татыктуу экени кызуу талкууга алынууда.

Токтом Юстиция министрлигинин сайтынан алынды.

Copyright © 2017 Maral FM