Марал Радиосу

Билим берүү министри мектепке акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарды

Билим берүү жана илим министри мектептер директорлоруна коомдук бирикмелерге, мектеп фонддоруна акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

«30-сентябрда мектеп директорлоруна коомдук бирикмелерге, мектеп фонддоруна акча чогултууга тыюу салуу боюнча министрдин буйругу чыкты. Бул ата-энелер коомчулугу тарабынан бир канча жолку даттанууларга байланыштуу кабыл алынган. Бул боюнча билим берүү бөлүмдөрүнө мектеп директорлорунун, билим берүү мекемелеринин башчыларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети тапшырылган», — деп айтылат билдирүүдө.